Акбаp Желал-ад-Дин - (1542-1605) - Индиядагы Могол династиясынын үчүнчү башкаруучусу (1556-жылдан). Бабурдун небереси. Могол династиясынын бийлигин бекемдеп, согуштук жүрүштөрдүн натыйжасында биртоп княздыктарды (Кашмир, Бенгалия, Мальва, Бихар, Ражпутана жана башка) кошуп алып, мамлекеттин чегин кеңейткен. Ички саясатында ири жер ээлеринин (жагирдарлардын) бийлигин чектеген иш-аракеттерди жүргүзүп, аскер башчыларына мурдагыдай жер бөлүп бербестен, аларга кызматы үчүн казнадан акы төлөгөн, ал эми жер салыгын мамлекет тарабынан атайын дайындалган адамдар чогулткан. Индияда моголдордун бийлигин бекемдөө максатында индус төбөлдөрүн өз тарабына тартууга аракеттенип, алардын өкүлдөрүн маанилүү мамлекеттик кызматтарга дайындаган. Ражпуттардын атчандары Акбардын армиясынын негизин түзүп калган. Акбардын мындай саясаты мусулман-жагирдарларынын нааразылыгын туудурган. Ал ислам, индуизм, парсизм, жайнизм диндеринин негизинде жаңы дин («Дин-и илахи») киргизип, анын негиздөөчүсү катары таанылган. Ал тарыхта көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, жөндөмдүү аскер башчы, кат тааныбаса да билимге ынтызар инсан катары белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1