Акбоор жебе кулак жарганаты

Акбоор жебе кулак жарганаты (лат. Otonycteris hemprichi, Peters, 1859):

Акбоор жебе кулак жарганаты.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Алдынкы Азия аркылуу Алжир менен Египеттен тартып Батыш Тянңшанң, Памир жана Кашмирге чейин Кыргызстанда 1966-жылы 18 майда Чаткал тоо кыркаларынын түштүк этектеринде Ташкөмүрдөн 10 км түндүк батышка карай бир экземпляры табылган. Бул Өзбекстандагы жакынкы табылгандан 300 км түндүк-чыгышка көздөй. 1992-жылы азыктануу жүрүм- турумун изилдөө үчүн жебе кулакты деңиз денгээлинин 850 м бийиктикте (40С 30-33; 72С 30-31) Араван районунун зоолуу тоо этектеринин Дувахан, Чилүстүн жана Ашкана жерлеринин чет жакаларында кармашкан.

Жашаган аймактары түзөтүү

Кыргызстанда бирин-серин мистелүү жарым чөлдүү адырларда кездешет. Жашаган жерлеринде зоолуу, конгломеративдүү, кумчул, сланцалуу жарлар болгону белгилүү. Зоокалардын жаракаларына жашынышат. Имараттардын болушу сөзсүз эмес, бирок көп учурда алардын колониясы эл жашаган жерлерде, ал тургай шаарларда, мисалы, Душанбеде табылган.

Саны түзөтүү

Албетте сейрек кездешүүчү, мүмкүн биздин өлкөнүн стенойктуу (аз жерлерде кездешкен) түр. Жагымдуу жерлерде дайыма кездешет, мисалы, 1992-жылы сентябрда түнкү беш күндүн ичинде Араван районунун зоокалуу тоо этектеринде 18 торго жырткыч түшүп кармалган, алардан 12 жетилген эркектери, 3 – жаштары, андан тышкары 2 чоң ургаачысы жана бирөө жашы.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары) түзөтүү

Түркүмдүн башка өкүлдөрүндөй эле жашоо тиричилигин күүгүмдө жана түнкүсүн өткөрөт. Кыргызстандын шарттарында көбөйүүсү начар изилденген. Көбөйүшү сыягы майдын аягында – июндун башында башталат, июлда болсо жаштары өз алдынча азыктанууга киришет. Мисалы, Душанбеде О.П. Багданов июндун башында түйүлдүгү жана жаңы эле туулган балдары менен ургаачысын таап алган . Жерден 0,4-1м бийиктикте учуп жүрүп аңчылык кылат. Табылгасын көрөрү менен аны кармаш үчүн жебе кулак 2-5 секундда жерге тез ылдыйлап, андан кийин 3-7 м бийиктикке көтөрүлүп учуп жүрүп эле табылгасын жей берет. Ушул учурда анын учушу жай болот. 13 экземплярынын кумалагынын анализи жебе кулактын диетасында музоо баштар (Arachnidue - 21,9%, Acrididae - 18,8%), чаяндар (Arachnidae жана Aranidae - 9,2%) болгонун көрсөттү. Ошентип, жебе кулактын диетасы негизинен жарымы курт-кумурскалар – коңуздар, какач канаттуулардын имагосу ж. б. турат. Үңкүрлөрдө жалгыздап (бириндеп) кышташат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Кыргызстандын шартында табигый душмандары, конкуренттери жана оорусу изилденген эмес. Эл жашаган жерлерде колонияны түзүүчү жебе кулактарды кишилердин таасири астында кырылышы күнөм калтырбайт.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Жасалма шарттарда көбөйтүлбөйт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине катталган (1985).

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Жагымдуу жашоо жерлерине кичи заказниктерди уюштуруу, үңкүрлөрдү коргоо. Түрдүн жашаган жерлерине жакын кыштак жана айылдардын калк арасына түшүнүк иштерин жүргүзүү.

Статусу түзөтүү

VII категория, Lower Risk – Least Concern, LR/lc.

Колдонулган адабияттар түзөтүү