Акбулак чопо кени Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Күрмөнтү кыштагынан 4 км батышта. 1990-ж. “Кыргызкурулушматериалдары” концернинин Тоо геол. партиясы чалгындаган. Кен аймагы төртүнчүлүк мезгилине таандык, калыңдыгы 1,6–19,6 м болгон кумтопурак катмарынан түзүлгөн. Кумтопурак “100”, “125” маркадагы кирпичти өндүрүүгө жарамдуу. Кабыл алынган запасы: А категориясы боюнча 78 миң м3, В–302 миң м3, С1–356 миң м3, А+В+С1–736 миң м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү