Аквабайк (англ. Aquabike ) – суу-мотор спортунун гидроциклдеги(суу мотоцикли) жарышына байланыштуу кээ бир техникалык дицсиплиналарынын жалпы аталышы .

Тарыхы түзөтүү

Бул спорттун түрү 1970-жылдары АКШда пайда болгон. Дүйнөлүк деңгээлде аквабайк Эл аралык суу -мотордук уюму (UIM) жана Эл аралык суу-мотордук спорт ассоциациясы (IJSBA) тарабынан көзөмөлдөнөт. Жыл сайын алар суудагы мотокросс профессионалдык турларынPro Watercross Tour, Европанын, Австралиянын, Бразилиянын, Франциянын, Улуу Британиянын, Гуамдын, Таиланддын чемпионаттарын, “Король кубогу” эл аралык турнирин жана үч класста аквабайк боюнча дүйнөлүк чемпионаттарды өткөрүшөт.


1996-жылдан бери UIM аквабайк боюнча дүйнөлүк чемпионатты үч класста өткөрүп келет. Класстар суу мотоцикли түрүн («туруучу" же «отуруучу»), кыймылдаткычтын көлөмүн, күчөтүүнүн болушун ж.б.у.с. камтыйт. Аквабайк боюнча мелдештер үч негизги дисциплинаны камтыйт: жарыш (жалпы,старт менен трассадан жогорку ылдамдыкта өтүү), слалом (катышуучулар бир нече жолу кезектешип турган татаал аралыктагы жогорку ылдамдыктагы жарыш) жана фристайл (суу мотоциклиндеги дене бийи) .

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Аквабайк // Чоң Украин энциклопедиясы : [у 30 т.] / проф. А. М. Киридон и др. — К. : ГМамлекеттик илимдер башкармалыгы«Энциклопедиялык басма", 2016. — ISBN 978-617-7238-39-2.