Аква́му — акан тобундагы эл. Гананын түштүгүндө, Бирим, Денсу жана Вольта дарыяларынын аралыгында, Аккра шаарынын түндүгүндө жашайт.
Саны 42 миң адам (2000).

Тил

Акваму эли акан тилинин диалектилердин биринде сүйлөйт.

Дин

Азыркы учурда калктын көпчүлүгү христиандар (протестанттар, католиктер, афрохристиандар).
Жергиликтүү салттуу ишенимдер да сакталууда.

Чарбалык иштер

Негизги кесиптери — кол менен иштетилген жер чарбасы (жүгөрү, таруу, сорго, ямс, маниок, күрүч, какао) жана малчылык.

Коом

Салттуу коомдук уюм айыл жана көп балалуу жамааттар болуп саналат. Туугандык эсеп энелик. Ашантиге салттуу жашоо образы, материалдык маданияты жана социалдык институттары жакын.

Тарых

Акваму эли Акваму башчылыгынын (оман) аймагында акан урууларынын биригүүсүнүн натыйжасында түзүлгөн.

Акваму мамлекетинин (1600—1730) байышы Алтын Жээк жана Кул Жээгиндеги европалык чептерге алтын жана кул сатуу аркылуу өткөн.

18-кылымдын башында Акваму мамлекети күчүнүн туу чокусуна жеткен. Ошондо Акваму территориясы жээкти бойлой 400 кмден ашык созулуп, чыгышта Вида шаарынан батышта Виннеба шаарына чейин созулган. Кошуна уруу бирикмелери гуан, гонжа, аквапим, эве, адангме, га, ошондой эле Аккра жана Ладока Акваму мамлекетине жыйналуучу салык төлөшчү. Акваму мамлекетинин административдик-саясий системасы согуш тартибинин бирдиктерине негизделген башка акан саясий бирикмелери үчүн үлгү болуп калды.

Ашанти жана Ачем-Абуква менен болгон согуштук кагылышуулар мамлекеттин жоюлушуна алып келген. 1730-жылдары акваму элинин бир бөлүгү Вольта дарыясы аркылуу көчүп, ал жерде жаңы Акваму башчылыгынын (оман) түзгөн. 1742—1826-жылдары Ашанти Конфедерациясынын курамына кирген.

Булактар түзөтүү