"Аквариум" - советтик жана орусиялык эски рок-топтордун бири. 45 жылдын ичинде топтун курамы көп ирет алмашкан, топтун идеялык шыктандыруучусу, ырчы Борис Гребенщиков (БГ лакап аты менен белгилүү) менен Анатолий Гуницкий экөө гана топ түзүлгөн 1972-жылдан тартып коллективдин курамынан чыгышкан эмес. 1991-жылдын март айында топ таркаганга чейин, Борис Гребенщиков, Михаил Файнштейн, Дюша Романов, Всеволод Гаккель төртөөнөн турган музыканттар квартети топтун негизин түзүп турган. Ар түрдүү убакта Майк Науменко, Сергей Курёхин, Олег Сакмаров, Борис Рубекин, Эдмунд Шклярский, Евгений Губерман, Александр Кондрашкин, Александр Ляпин, Пётр Трощенков, Иван Воропаев, Андрей Решетин, Сергей Щураков ж.б. топ менен биргеликте иш алып барышкан.

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү