Акедил дарыясы, Агизель, Белая (башк. Ағиҙел) - негизинен Башкырт Республикасынын аймагы аркылуу аккан дарыя. Каманын сол куймасы.

Мүнөздөмө
Узундугу 1 430 км
ОМСР 10010200112111100016731

Узундугу 1430 км, алабынын аянты 142 миң км². Түштүк Урал тоолору-нан башталып, жогорку агымында - тез, ортоңку жана төмөнкү агымдарында кеңири өрөөндө жай, көп имерилип, салаа-салаа болуп агат. Суусунун орточо чыгымы 970 м³/сек. Дарыя кар (55%), жамгыр жана булактардан куралат. Ноябрдын 2-декадасынан апрелдин жарымына чейин муз каптап жатат. Жээгинде Белорецк, Салават, Ишимбай, Стерлитамак, Уфа, Бирск шаары жайгашкан. Уфадан кеме жүрөт.

Ири куйма-лары: Нугуш, Чоң Инзер, Уфа (Өфө), Танып, Уршан, Дема, Чермасан, Сюнь.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1