Акжол Махмудов

Кыргызстандык спортчу жана грек-рим күрөшү боюнча эл аралык спорт чебери

Акжол Махмудов (төр. 15-апрель, 1999; Ош облусу, Кыргызстан) — Кыргызстандык спортчу ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери, Дүйнө чемпиону (2022, 2023) Азия чемпиону (2018, 2022,2023), Азия оюндарынын (2023) алтын, (2018) күмүш жана Олимпиада оюндарынын (2020) күмүш медалчысы. Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча көп жолку чемпиону. Эл аралык даражадагы спорт чебери.

Акжол Махмудов
Жеке маалыматы
Жынысы

Эркек

Толук аты-жөнү

Махмудов Акжол Махамажанович

Жарандыгы

 Кыргызстан

Чеберчилиги

Грек-рим күрөшү

Төрөлгөн датасы

15 -апрель 1999(1999-04-15) (24 жаш)

Төрөлгөн жери

Араван району, Ош облусу, Кыргызстан

машыктыруучу

Мейрамбек Ахметов

Бою

175 см

Салмагы

77 кг

Спорттук чини

Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери

Akzhol Makhmudov

Өмүр баяны түзөтүү

1999-жылы Ош облусунун Араван районунда төрөлгөн. Үй-бүлөдө: беш бир тууган. Акжол ортончусу. Эки байкеси жана эки карындашы бар. Атасы Махамажан Махмудов 1971-жылы туулган, соода жаатында иштейт. Хоббиси: Бильярд жана теннис ойноо. Машыктыруучусу: Кыргыз өлкөсүнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов

Карьерасы түзөтүү

Жетишкендиктери: 2015-жылы Индияда өткөн кадеттер (жаш уландар) арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалды жеңип алган; 2016-жылы Тайвань шаарында кадеттер арасында өткөн Азия чемпионатында алтын медалга ээ болгон; 2016-жылы Грузияда өткөн кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатта алтын алган; 2016-жылы Москва шаарында кадеттер арасында өткөн Борис Гуревич турниринде чемпион болгон; 2017-жылы Тайвань шаарында жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын утуп алган; 2017-жылы Финляндияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш утуп алган; 2017-жылы Стамбулдагы эл аралык турнирде алтын медалга ээ болгон. 2018-жылы - Азиянын чемпиону болгон.

Шилтемелер түзөтүү