Акира Куросава

жапон кинорежиссёру, сценарист жана продюсер.

Акира Куросава (англ. Akira Kurosawa, жапон тилинде: 黒沢 明, 1910-жылы 23-март – 1998-жылы 6-сентябрь) – жапон режиссеру жана сценарист. Эң олуттуу жана таасирдүү кинематографисттердин бири болуп саналган Куросава 57 жылдык чыгармачылык ишинде отуз тасма тартып чыгарган.

Убагында сүрөтчү болуп жүргөн Куросава жапон киноиндустриясына 1936-жылы кошулган. Бир канча тасмаларда режиссердун жана сценаристтин жардамчысы катары иштеген Куросава, бир топ жылдан кийин, 1943-жылы, Экинчи дүйнөлүк согушу учурунда чыккан "Дзюдо генийи" (жапон. Sanshiro Sugata) аталышындагы популярдуу тасма Куросаванын алгачкы продюсердик иши болгон. Согуштан кийин чыккан, киносынчылар тарабынан жогору бааланган жана ошо заманга чейин аты чыкпаган актер Тосиро Мифунэ тартылган "Мас периште" (англ. Drunken Angel, 1948) тасма Куросаваны Жапониянын эң маанилүү жаш режисеру катары беделин бекемдеген. Куросава менен Мифунэ кызматташтыгын дагы 15 тасмага улантышкан. Куросаванын жубайы актриса Йоко Ягучи режиссердун алгачкы тасмаларында тартылган.

1950-жылдын августунда Токиодо бетачары өткөрүлгөн жана башкы ролун Мифунэ аткарган "Расемен" (жапон. Rashomon) тасмасы 1951-жылдын 10-сентябрында Венеция кинофестивалында "Алтын арстан" сыйлыктын күтүлгүс жеңүүчүсү болуп Европа жана Түндүк Америкада чыгарылган. Бул тасма биринчилерден болуп батыш тасма рыногунда финансылык жактан ийгиликтүү жана киносынчылар тарабынан жогору бааланып, башка жапон киноматографисттердин эл аралык атактуулугуна жол ачкан. 1950-1960-жылдар арасы Куросава жыл сайын бир тасмадан чыгарган, алардын ичиндеги жогору бааланган тасмалар: "Жашоо" (жапон. Ikiru, 1952), "Жети самурай" (англ. Seven Samurai, 1954) жана "Жансакчы" (жапон. Yojimbo, 1961). 1960-жылдардын ортолорунан баштап режиссердун тасмаларынын саны азайган бирок анын акыркы эки эпикалык жанрындагы тасмалары: "Аскердин көлөкөсү" (жапон. Kagemusha, 1980) жана "Ран" (жапон. Ran, 1985) бир канча чет мамлекеттик сыйлыктарга татыган, алардын ичинде "Аскердин көлөкөсү" татыган "Алтын пальма бутагы" сыйлыгы.

Режиссер 1990-жылы "Оскар" сыйлыгынын "Түбөлүк жетишкендик" номинациясына татыган. Куросава өлгөндөн кийин AsianWeek журналы жана CNN телеканалы режиссерду "Искусство, адабият жана маданият" жаатындагы "Кылымдын көрүнүктүү азиялык адамы" деп атаган, ошондой эле Куросава жөнүндө "акыркы 100 жыл ичинде Азиянын жакшыртуусуна ири салымын кошкон беш адамдын бири" деп кошумчалашкан.

Өмүр таржымалы түзөтүү

1928—35-жылдары Токиодогу Исккусство академиясынан окуган. 1936-жылдан сценарист, режиссёрдун ассистенти, 1943-жылдан режиссёр. «Сугата Сансиро» деген туңгуч фильмине (1943) сценарий жазган. Аны дүйнөгө тааныткан «Расёмон» фильми (1950; Венеция кинофестивалында баш байгеге арзыган, 1951). Башка көрүнүктүү фильмдери: «Кейбир» (1951, Ф. М. Достоевскийдики боюнча), «<Жашоо» (1952), «Жети самурай» (1954, Венеция, Күмуш байге), «Арамзалардын сепили» (1957, У. Шекспирдин «Макбети» боюнча), «Түпкүрдө» (1957, М. Горькийдики боюнча), «Жасоол» (1961), «Кызыл сакал» (1965), «Трамвай дөңгөлөгүнүн ыргагы менен» (1970), «Дерсу Узала» (1975; Москвадагы ЭКФтин баш байгеси, 1975; АКШнын «Оскар» сыйлыгынын; 1976). Бул фильмде С. Чокморов да тартылган. А. Куросава гуманизм идеаларына каныккан терең психологиялык фильмдери менен социалдык теңсиздикке, согушка каршы чыккан. Ал кино искусствосунун көркөм каражаттарын чеберчилик менен пайдаланган жана дүйнөлүк кинонун өнүгүшүнө маанилүү салым кошкон. «Согуштун көлөкөсү» (1980, Канн ЭКФтин башкы сыйлыгынын) жана «Ран» («Дүрбөлөң», У. Шекспирдин «Король Лир» трагедиясынын мотиви боюнча, 1985) ж. б. фильмдерде ал баатырдыкты жана көпчүлүктүн композициясын чеберчиликте айкалыштырган. Москвада (1979), Венецияда (1982) ЭКФтин юбилейлик сыйлыгынын, кино искусствого кошкон салымы үчүн «Оскар» сыйлыгынын (1990) алган.

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү