Аккредитив (нем. Akkreditiv, лат. Аccreditivus – ишеним берүүчү) - келишим боюнча кардардын контрагентинин пайдасына анын тапшыруусу боюнча берилүүчү банктын шарттуу акчалай милдеттенмеси болуп саналат, ал боюнча аккредитив ачкан банк (эмитент-банк) берүүчүгө төлөмдөрдү жүргүзөт, же аккредитивде каралган документтерди тапшырган жана аккредитивдин башка шарттары аткарылган учурда андай төлөмдөрдү жүргүзүүгө башка банкка ыйгарым укук берет.[1]

Аккредитивдин түрлөрү түзөтүү

Артка чакырылбас аккредитив – каражатты алуучунун макулдугусуз алынып ташталуусу мүмкүн болбогон аккредитив. Аккредитивди аткаруучу банк эмитент-банктын өтүнүчү боюнча артка чакырылбас аккредитивди бышыктоосу мүмкүн (ырасталган аккредитив ). Мындай ырастоо аткаруучу банктын Артка чакырылбас аккредитив шарттарына ылайык төлөмдөрдү эмитент-банктын милдеттенмесине кошумча милдеттенме алат дегенди билдирет. Артка чакырылбас аккредитивдин шартына ылайык, ал аткаруучу банктар тарабынан бекемделсе, анын макулдугусуз өзгөртүлүүсү же жокко чыгарылуусу мүмкүн эмес.


Артка чакырылбас ырасталбаган аккредитив – сатуучунун банкы аны аккредитивдин ачылганы тууралуу гана кабарландырып, бирок аны төлөөнү кепилдебеген аккредитив. Мындай учурда милдеттенмелердин аткарылышы боюнча сатып алуучунун банкы гана жоопкерчиликтүү болот.


Артка чакырылбас ырасталган аккредитив – сатып алуучу өз банкына сатуучунун банкы аркылуу аккредитивди ырастоону тапшырган аккредитив. Б. а. сатуучунун банкы төлөөнүн шарттарынын аткарылышын кепилдейт.


Артка чакырлуучу аккредитив – каражатты алуучуну алдынала эскертүүсүз эле эмитент-банк тарабынан өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн болгон аккредитив. Аккредитив кайра чакырып алуу каражаттарды алуучунун алдында эмитент-банкты эч кандай милдеттенмеге кириптер кылбайт. Аткаруучу банк эгер алар ишке ашырыла баштаганда артка чакырлуучу аккредитив өзгөргөнү, же кайра чакырылганы тууралуу кабарландырылбаса, артка чакырлуучу аккредитив боюнча төлөмдөрдү, же башка аткарымдарды ишке ашырууга милдеттүү. Эгер анын текстинде түздөнтүз башка жагдай белгиленбесе, кайра чакырылган болуп саналат.

Шилтемелер түзөтүү

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7