Аккультуpация – (англ. аcculturation, лат. сultura - билим, өнүгүү) - адатта, калктардын маданияттарынын бири-бирине өз ара таасир этүү процесси; бир элдин маданиятын башка бир элдин бүтүндөй же жарым-жартылай кабыл алышы. Аккультуpациянын төмөндөгүдөй түрлөрү кездешет: 1) жеке адамдардын же топтордун башка маданий чөйрөгө ыкташы; 2) коңшу жашаган түрдүү маданий чөйрөлөрдүн бири-бирине тийгизген таасири; 3) калкынын саны басымдуу, маданий салттары күчтүү элдин майда элдерге тийгизген таасиринен ал элдин маданиятынын өзгөрүүсү. Аккультуpациянын натыйжасында жаңы улуттар, маданий системалар пайда болгон. Бул процесс байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. Аккультуpация айрыкча, улуу географиялык ачылыштардан кийин ургалдуу жүргөн. Мисалы, Америка континентинин элинин басымдуу бөлүгү аккультуpациянын натыйжасы. « Аккультуpация » термини бара-бара колдонулбай, анын ордуна «маданий гибриддешүү», «поликультурализм», «маргинализация» ж. б. менен алмашылууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1