Аккөзова Үлпаткан
Аккөзова Үлпаткан 1949-жылы Сузак районунун Багыш айылында туулган.
- 1967-жылы №9 Мичурин атындагы орто мектепти,
- 1973-жылы Фрунзедеги Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Институттун дарылоо факультетин аяктаган.
- 1973-1977-жылдары, Жалал-Абад шаардык №2 поликлиникасында участкалык терапевт,
- 1977-1985-жылдары, Кочкор- Ата шаарчасында терапия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
- 1986-жылдан, ушул күнгө чейин, Жалал- Абад шаардык, андан кийин областтык кардиология бөлүмүндө врач-кардиолог болуп эмгектенип келе жатат.
- 1996-жылы Саламаттыкты Сактоонун отличниги медалы менен сыйланган.
- Бир канча Ардак грамоталардын ээси.
- Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу Атуулу”.
- Үй-бүлөлүү.
- 3 уул 1 кыздын энеси.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3