Aккөз өрдөгү (лат. Aythya nyroca, Guldenstadt, 1770):

Аккөз өрдөгү (Aythya nyroca).
Aythya nyroca

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Африканын түндүгүндөгү Марокко, Түндүк-Чыгыш Алжир, Түндүк-Батыш Тунис, Түштүк Ливия жана чыгышта Сауд Аравиясында локалдык түрдө таралган. Евразиянын Пириней жарым аралынан түштүккө, чыгышка карай – Обң суусунун башталышы, Алтайдын этеги, Урунгу өрөөнү, Хуанхенин башталышы. Түндүктө - Батыш Европанын райондоруна чейин, Урал тоо кыркасынын жана Чаны көлүнүн аралыгы, түндүккө карай 56-параллелге чейин, чыгыш жакка карай түндүк чеги, түштүккө өтүп Алтай жана Зайсан тоо этектерине жетет. Түштүккө жакын Жер Ортолук деңиз жээктерине чейин, Кичи Азия, Түндүк Иран, Афганистан, Кашмир жана Ладакха. Кыргызстанда Чүй өрөөнүндө, Ысыккөлдө учуп өткөндө кездешет. Ички Тянңшанда сырт көлдөрдө.

Жашаган аймактары түзөтүү

Суу өсүмдүктөргө бай көлдөрдө жашайт.

Саны түзөтүү

Күзүндө учуп өтүүдө көбүрөөк кездешет. Жазында Чүй өрөөнүндө 15 особго чейин кездешет , ал эми жайдын биринчи жарымында өрдөк бир топ аз санда болот. Ысыккөлдө ал аз санда, 5 км маршрутта болгону 1-2 жуптан ашпайт . Күзүндө бийик тоолордогу Сөңкөл менен Чатыркөлдө 15-20дан 40-50гө чейинки санда учуп өтүүдө дайыма кездешет. Июлң айынан тартып куштардын түлөшү байкалат.

==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Көчмөн түр. Кыштоо учурунда бүт Индия боюнча, Пакистанда жана Бангладеште, ошондой эле Янцзы дарыясынын өзөнүндө кездешет. Кыргызстанга жазында биринчилерден болуп апрелдин 1-3 декадасында келет. Түндүк жакта уялап бүткөн, түлөгөн куштар жайкысын бийик тоодо көлдөрдө кездешет. Сентябрң-октябрң айларында күзгү көчүшү байкалат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Аккөз өрдөктүн азыктанышына жана түлөшүнө жагымдуу көлдөргө чарбачылык жана рекреационалык басым жасоонун күчөшү.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Кыргызстанда колдо багылбайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

IUCN тизмесине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Кыргызстанда аңчылыкка ылайыктуу өрдөктөрдүн түрлөрүн тизмеден алууга тийиш, жаратылышты коргоо чараларын жүргүзүү жана жергилүктүү айылдардын арасына Сөңкөл менен Чатыркөлдөгү өрдөктөрдү сактоо максатына ылайыктуу чараларды жүргүзүү, массалык түрдө түлөп жаткан учурда аларды коргоо. Жаратылышты коргоо боюнча активисттерди кызыктыруу.Аккөз өрдөктүн учуп өтүү жерлеринде мониторинг жүргүзүү максатында санын дайыма эсепке алуу. Чүй өрөөнү менен Ысыккөлдө май айында байкалган, Чүй өрөөнүндө кармалган өрдөктүн эркеги жетилген уруктугу болгону уялай турганын далилдеп турат, ошондуктан Кыргызстандын түндүк жагында алардын уялоочу жерлерин издөө иштерин жүргүзүү бирден бир маанилүү багыттардын бири.

Статусу түзөтүү

VI категория. Near Threatened, NT. Кыргызстандын фаунасында уруунун 4 түрдүн бирөө. Монотиптүү түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү