Аклиматташтырылган өсүмдүктөр

Аклиматташтырылган өсүмдүктөр - жаңы өсүү шартына, биоценозго көнгөн, ылайыктанган, байырланышкан өсүмдүктөр. Өсүмдүктөрдүн аклиматташуусуна биринчи иретте жарык, аба темп-расы жана нымдуулук, жаан-чачындын саны жана бөлүштүрүлүшү, топурактын касиеттери, өсүмдүк биоценозунун курамы сыяктуу экология факторлордун мааниси чоң. Акклиматташуу өсүмдүктүн өзүнүн биологиялык өзгөчөлүктөрүнө көз каранды. Мисалы, ксерофиттер – кургакчылык шартка, гигрофиттер – нымдуу, галофиттер шордуу топурактарга оңой акклиматташат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү