Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

[null Алимбеков Акматали  педагогика илимдеринин доктору (2010), профессор (2009)  кыргыз этнопедагогикасынын көрүнүктүү изилдөөчүсү.] 1957 –жылы 9- декабрда Ош областынын Өзгөн районунун Кандава айылында төрөлгөн.  Жалал-Абад пед. окуу жайын (1977), Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетин бүтүргөн (1980).

1980-1995 – жылдары Ош мамлекеттик университетин педагогика факультетинде  окутуучу, ага окутуучу доцент, кафедра башчысы катары эмгектенген.

1995 -2000 жылдары [null Кыргыз Билим Берүү] Институтунда (азыркы Кыргыз билим берүү  академиясы) ага илимий кызматкер, педагогика бөлүмүнүн башчысы, директордун биринчи орунбасары кызматтарын аркалаган.

2001 –жылдан баштап Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенип келе жатат. 2012-жылдан баштап аталган университеттин педагогика кафедрасынын башчысы.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Үй бүлөлүү, бир кыз, тѳрт уулу  бар. Жубайы – Осмонова Бактыкан Эргешовна. Кызы - Айдана,уулдары - Алмаз, Канат, Кайрат, Дастан. Өзү беш  бир туугандын үчүнчүсү.

Илимий ишмердүүлүгүнүн этаптары жана натыйжалары. түзөтүү

Акматали Алимбековдун  илимге болгон кызыгуусу эрте башталган. Алгачкы «Кызыл мугалим» аттуу кѳлѳмдүү макаласын 1975 -жылы Жалалабад педагогикалык окуу жайында окуган жылдары жазган. Анда Ч. Айтматовдун Дүйшѳнү сыяктуу Арстанбапта эчен тоскоолдуктарга Арланбапта биринчи мектептерди ачкан Ходжи Модияровдун өмүрү жана педагогикалык ишмердүүлүгүнүн контекстинде ошол мезгилге таандык мектептердин тарыхына байланыштуу илимий таанымдык мааниси зор бир катар  окуялар менен фактылар ырааттуу талдоого алынган. Ош пединститутунда окуган жылдары илимий кызыкчылыктарынын ѳнүгүшү кыргыз этнопедагогикасы жаатында таанымал жана таланттуу окумуштуу Т.Ормоновдун  таасиринде калыптанган. Окуу жайды бүтѳѳрдѳ А. Алимбеков аталган окумуштуунун жетекчилиги менен «Кыргыз эл жомокторундагы педагогикалык көз караштар» аттуу темада дипломдук ишин ѳтѳ жогорку даражада коргоп эл оозуна алынган. Анын дипломдук изилдѳѳсү туралуу Ош пединститутунда гана эмес, республикалык басма сөздөрдө да белгиленип өткөн.

Б.а. А. Алимбековдун илимге ынтызарлыгы туралуу  областтык «Ленинский путь» газетасында [null С. Гафарованын «Преданье старины глубокою»] аттуу көлөмдүү макаласы жана ошондой эле Москвадан чыгуучу «Учительская газетасында» Г. Лазутинанын «[null За сказками и легендами в деревнью»] аттуу маалыматы жарык көргөн. 

А. Алимбеков кандидаттык (1990) жана доктордук диссертациясын (2010) дүйнѳлүк атак даңкы бар аалым, этнопедагогика илиминин негиздѳѳчүсү академик Г.Н. Волковдун жетекчилиги астындында коргогон. Ал атактуу кеменгер улуу инсандын шакрити болуу бактысын туюу менен анын ишенимин жана кеңештерин чоң жоопкерчилик менен кабыл алып аткарган. Ошондуктан анын  инсандык жана окумуштуулук сапаттарына академик Г.Н. Волков тѳмѳнкүчѳ баа берген: «А.Алимбеков менин эң таланттуу жана таланттуумун деп көкүрөк  какпаган өтө жөнөкөй окуучум. Ал инсан катары түз жана туура жүргөн, принципиалдуу жана ишеничти актаган адам. Анын илимде тандап алган жолунан тайбагандыгына, биздин жалпы идеябызга берилгендигине Мен аябай ыраазымын».

Илимий эмгектерин жалпы саны 214. Алардын курамын 3 монография, 2 терминологиялык сөздүк  8 окуу куралы жана макалалар түзөт.  Эмгектери орус, ѳзбек, казак, татар, чуваш,  түрк, англис  тилдеринде жарыяланган. [null Бир катар эл аралык илимий-практикалык конференциянын уюштуруучусу жана катышуучусу. Москва, Стамбул,  Алмата, Ташкент, Вена, Будапешт, Братислава, ж.б. шаарларда илимий баяндамалар окуган.]

Анын жетекчилиги менен 8 кандидаттык диссертация, 20дан ашуун магистрдик диссертациялар  корголгон.

Ал изилдеген негизги илимий проблемалар

[null Илимий ишмердүүлүгүнүн негизги мазмунун кыргыз этнопедагогикасынын методологиялык проблемалары, тарыхы,  өнүгүш тенденциялары, мугалимдерди этнопедагогикалык жактан даярдоонун теориясы жана практикасы , окутуунун жалпы методдору, азыркы сабакты даярдап өткөрүүнүн технологиялары, Кыргызстандын билим берүү системасы сыяктуу проблемалар түзөт]. Этнопедагогика боюнча  эмгектери учурда кыргыз элинин салттуу педагогикалык дөөлөттөрүнүн жаңы проблемаларын айкындоо, изилдөө жана аларды  мектепте, жогорку окуу жайларда колдонуунун методологиялык ориентири катары кызмат кылууда. Анын демилгеси менен мурдагы союз республикаларынын ичинен алгачкылардан болуп Кыргызстандын жогорку  окуу жайларында «Кыргыз этнопедагогикасы» окуу дисциплинасы  киргизилип анын окуу программасы, окуу китеби да ал тарабынан даярдалган.  

Коомдук ишмердиги түзөтүү

Чет элдик жана ата-мекендик илимий журналдардын редколлегиясынын, ошондой эле, Кырг. Респ-сында педагогика б-ча докторлук (кандидаттык) диссертациялык кеңештин мүчөсү; “Илим жана техника жагында КРнын мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитетинин мүчѳсү; “Кыргызстан педагогдор коомунун” президиумунун мүчѳсү; “Окутуу ишин программалоо” боюнча Эл аралык Асоциациянын мүчѳсү.  

Илимий эмгектери. түзөтүү

Илимий эмгектерин жалпы саны 214. Алардын курамын 2 монография, 2 терминологиялык сөздүк  5 окуу куралы жана макалалар түзөт

1.      Организация этнопедагогических экспедиций в педвузе (1987)

2.      Эстетическое воспитание в кыргызской народной педагогике (1988)

3.      Кыргыз этнопедагогикасы (окуу программасы). (1993)

4.      Кыргыз этнопедагогикасы: Окуу куралы. (1996).

5.      Педагогиканын кээ бир айрым маселелери.  (1998).

6.      Кыргыз элинин билим берүү салттары. (2001) 

7.      Мугалимдик кесипке киришүү (2002)

8.      Таалим-тарбия терминдеринин чечмелеме сөздүгү (кыргызча-түркчө-орусча-англисче). (2002).

9.      Окутуунун жалпы методдору. (2004)

10.  Кыргызстандын билим берүү системасы жана анын проблемалары. (2007).

11.  Теория и практика этнопедагогической подготовки учителя в системе высшего педагогического образования.  (2009)

12.  Азыркы сабак жана аны өткөрүүнүн технологиясы. (2011)

13.  Иновациялык педагогикалык терминдер сөздүгү. [null (2012)]

14. Кыргыз этнопедагогикасы (методикалык колдонмо) (2012)

15. Окутууда формативдик баалоону колдонуу. Колдонмо. (А. Мамытов, С. Иптаровдор менен бирдикте) – Бишкек, 2014, 76 б.

16. Жаран кантип иденттешет? – Б.:Mahprint.  2016. – 346. (Автордук коллектитв)

17. Түрк дүйнөсүнүн ойчулдарынын мурастарындагы педагогикалык идеялар. Жогорку окуу жайларынын студ. үчүн окуу куралы. - Б.; «Улуу тоолор», 2017. - 336 б.

18. Kırgızistan’da Eğitim ve Tarihî Gelişimi http://www.yeniturkiye.com/ Yenı Türkıye. Temmuz-Avgustos 2013 Yıl. 9. Sayı 53.s 1127 -1144

19. Алимбеков, А. Кыргыз эл педагогикасындагы адеп тарбиясы. Жалпы билим берүүчү мектеп-дин муг-дери, жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн / А. Алимбеков. – Б.; «Улуу Тоолор», 2018. – 122 б.

20. Алимбеков, А. Орто мектепте окутуунун методдору.  Орто мектептин мугалимдери жана жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу куралы / А. Алимбеков. - Б.; 2019.- 137  б.

21. Алимбеков, А. Желалиддин Руми  Мевлананын  таалим-тарбия тууралуу кѳз караштары / А. Алимбеков / Жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу куралы. – Б.; «Улуу Тоолор», 2020. – 88 б.

22. Алимбеков А.  Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы  ( тарыхы,  азыркысы , көйгөйлөрү)  Б.; 2020.-142 б.

23. Alimbekov, A. The Education System of the Kyrgyz Republic (Its history, present, issues) Bishkek. 2021. - 104 s.

SCI тармактык индекстүү журналдарда жарыяланган толук макаласы түзөтүү

1.     Alimbekov, A. Türk Dünyası Birliği ve Vatandaşlıgı algı araştırması ön çalışma / A. Alimbekov, Erdal Bay, Servet Demır. - Türküye. Gazıantep. 2015 -20 s.s.

SCOPUS тармактык индекстүү журналдарда жарыяланган толук макаласы

1.     Alimbekov, A. Egocentrism and Development of Students Identity (On the Example of Studying of Future Teachers) / А. Alimbekov, Chulpan R. Gromova // International Journal of Environmental & Science Education, 2015, 10(4), 571-578 p.

SCI-Exp тармактык индекстүү журналдарда жарыяланган толук макалалары

1.    Ali̇mbekov, A. Anadolu Ve Kirgiz Türklerinin Atasözlerindeki “Çalişkanlik” Değerinin Ortak Özellikleri / А. Ali̇mbekov, G. Ercan // Uluslararası Türkçe Edebiyat Kültür Eğitim (TEKE) Dergisi 9 / 2 (Haziran 2020): 692-705

2.    Alimbekov, A. Öğretmen adaylarının hoşgörü ve yaşam doyum düzeylerinin incelenmesi / E. Gül, А. Alimbekov // Turkish Studies - Education, 15(2), 831-849.

3.    Alimbekov, A. Matematik korku ölçeği. Geçerlilik ve güvenirlik değerlendirmesi / A. Alimbekov, Y. Gül // Manas Sosyal Araştırmalar Dergisi, 9(3), 1521-1531.

4.    Alimbekov, A. Üniversite Öğretim Elemanlarının Pedagojik Yeterlikler Konusunda Yaşadıkları Zorluklar ve Eğitim İhtiyaçlarının Değerlendirilmesi / A. Alimbekov, R. Yeşil, K. Yılmaz // Manas Sosyal Araştırmalar Dergisi Arşiv. Cilt 10, Sayı 1- Sayfalar 82-97

Чет элдик басылмаларда  жарыяланган эмгектери. түзөтүү

1.     Etnopedagoji Ve Kirgiz Etnopedagojisinin Temel Kavramlari // Turk Yurdu, Ankara,  Ekim 2007. – Cilt: 27, – Sayi: 242. – 31–36 ss.

2.     49. Cengiz Aytmatovun Eserlerinde Egitim. Turk Yurdu, Ankara,  Eylul, 2008. Cilt: 28,  – Sayi: 253.– 107-109 ss.

3.     50. Kirgiz Cumhuriyeti ve Egitim Sistemi Hakkinda Genel Bilgi // Turk Yurdu, Ankara, Kasim, 2001. Cilt: 21, – Sayi: 171 – 13-16 ss.

4.     51. Kirgiz Halk Pedagojisinin Kaynaklari  // Gaye, Istanbul,  Ekim, 2000. Cilt: 28,  – Sayi: 253.– 107-109 ss.

5.       Kırgız Halk Eğitiminde Ekolojik Öğreti// Kardeş Kalemler Sayı:84 / Aralık-2013 -64-71 .б.б.

6.     Kırgızistan’da Eğitim ve Tarihî Gelişimi           http://www.yeniturkiye.com/ Yenı Türkıye. Temmuz-Avgustos 2013 Yıl. 9. Sayı 53.s 1127 -1144.

       

Ал тууралуу макалалар. түзөтүү

1.      Гафарова С. Преданья старины глубокой. Ленинский путь. 1980, 16 -июнь.

2.       Лазутина Л.Г. За сказками и легендами в деревню. Учительская газета. 1980, 4-сентября.

3.       Алимбеков Акматали // Мугалимдик ыйык жол: КУУнун 80 жылдыгына карата. Түз.: Р.Сулайманова ж.б. – Б.: 2013. – 61 – 63-бб.

4.       Мырзаев М. Нагыз педагог. Шоокум. 2013, №5(81) – 29-32 б.б.

5.       Мамбетакунов Э. Этнопедагог А.Алимбековдун педагогикалык терминдер боюнча изденүүлөрү// ВЕСТНИК Ошского государственного университета. 2017, №4 -111 -113 б.б.   

6.        Шадиев Н.С. А.Алимбеков мугалимдерди этнопедагогикалык жактан даярдоо концепциясынын негиздөөчүсү катары//Ошондо 115 -117 б.б.

7.       Идаев Б.Д. А.Алимбеков жана Түрк дүйнөсүнүн алкагындагы этнопедагогикалык изилдөөлөр// Ош ш. [null 131 -133 б.б.]

8.      Баитова Ф.Т.  А.Алимбековдун эмгектеринде – «Манастын» педагогикасынын изилдениши//137 -139 б.б.

 
Alimbekov Akmatali

http://kao.kg/index.php?option=com_content&view=category&id=63&Itemid=18

http://www.kardeskalemler.com/

http://www.yeniturkiye.com/

http://www.knu.kg

http://www.kaznpu.kz/

www.internauka.org/archive2/ped/4(49_1).

http://elibrary.ru/