Акматбек Сүттүбаевич Сүйүмбаев (1920--1993) — Советтик, мамлекеттик, партиялык ишмер. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси (2021).

Өмүрү таржымалы түзөтүү

А.Сүйүмбаев 1920-жылы 20-ноябрда Аламүдүн районунун Байтик айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

Эмгек жолу түзөтүү

1938-жылы Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумун бүтүрүп, эмгек жолун Нарын шаардык финансы бөлүмдө башкы бухгалтердик кызматтан баштайт. 1939-жылы ал Советтик Армиянын катарына чакырылат да, согуш башталганга чейин эле ротанын старшинасы деген чинге жетип калган, ал эми согуш жылдарында (1942) Советтер Союзунун Баатыры Н.В.Шатилов башкарган дивизиянын курамындагы батальондо командир болуп, нечен айыгышкан кармаштарды башынан өткөргөн. Сүйүмбаевдин согуштагы эрдиктери жөнүндө Шатилов өзүнүн “Рейстаг үстүндө сайылган туу” аттуу китебине чагылдырылган.

Кызматы түзөтүү

Акматбек Сүйүмбаев Түндүк, Батыш, Калинин, 2-Прибалтика жана 1-Белорус фронтундагы салгылашууларга катышып, 1945-жылы май айында Берлиндеги Рейхстагды чабуулга алууга түздөн-түз батальон командири, ага лейтенант катары катышкан. Бул тууралуу орусиялык генерал-полковник Василий Шатилов өз китебинде жазган.

Нацисттик душманды жеңгенден кийин ал дагы эки жыл бою Германияда советтик аскерлердин катарында кызмат өтөгөн.

А.Сүйүмбаев аскерлен элине кайткан соң, 1947-жылы Кызыл-Аскер райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы болуп иштеген.


Ал кийин Фрунзе шаардык, Ысык-Көл областтык финансы бөлүмдөрдүн башчысы болуп иштеп жүрүп, 1954-жылы Бүткүл союздук сырттан окутуучу финансы-экономика институтун бүткөн.

Табиятынан сергек, ишке жөндөмдүү А.Сүйүмбаев Кыргыз республикасынын финансы министри (1955-60), Эл депутаттарынын Ош областтык Советинин аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргызстан КП Ош обкомунун биринчи катчысы (1962-68) болуп иштеген.

Ал юи р катар жылдар бою Кыргыз өкмөтүнүн - Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы (1968-1978) болуп иштеген.

Бул кызматтан кеткен соң, ал Кыргыз ССР коммуналдык чарба министри болуп иштеге.

Бийликтеги жылдардын ичинде ал кыргыз элинин рухий байлыгын көтөрүүгө, социалдык-экономикасынын өнүгүшүнө, маданиятын арттырууга, өзгөчө спортту өстүрүүгө зор салымын кошкон.

Анын учурунда бир канча өнөр жай ишканалары, стадиондор, бассейндер, спорт аянчалары ж.б. курулган.

Ишмердүүлүгү түзөтүү

Ош областында иштеген мезгилдерде анын колдоосу менен Кызыл-Жар, кургап жаткан Кулунду өрөөнүнүн өздөштүрүлүшү, Төрт-Көл, Базар-Коргон, Токтогул жана башка көп суу сактагычтар, каналдар, Токтогул ГЭСтери жана Оштогу бир топ өнөр жай ишканалары негизделип, чоң күч-кубат жумшоо менен бүтүргөндүгү элдин эсинде тарыхка калды.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Уулдарынын бири Сталбек Акматбек уулу 1981-жылы КМУнун (азыркы КУУнун) тарых факультетин аяктаган. кийин кесипкөй фотограф болуп иштеп жүрдү.

Сыйлыктары жана наамдары түзөтүү

Ал согуштагы жана тынч эмгектеги көрсөткөн каармандыктары үчүн бир нече орден, медалдар менен сыйланган.
Кыргыз Өкмөтү А.Сүйүмбаевдин элине сиңирген эмгегин жогору баалап, көзү өтүп кеткен соң өзү туулуп өскөн “Байтик баатыр” айылындагы орто мектепке, Бишкек шаарындагы Карпинский көчөсүнө, Ош шаарындагы бир көчөгө жана борбордук стадионго, Жумгал районундагы Таш-Төбө айылына ысымын ыйгарган.

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, Мекенге жан аябас кызмат кылгандыгы үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Сүйүмбаев Акматбек Сүттүбаевичке “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы (каза болгондон кийин) ыйгарылды. Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2021-жылы 31-августта кол койду. [1]
Эл үчүн бүткүл өмүрүн арнаган А.Сүйүмбаевдин эмгеги кийинки муундар үчүн өрнөк болмокчу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • ЖЫРГАЛБЕКОВ Т. Өмүрү элге арналган инсан // Кыргыз Туусу. – 2007. – 22-25-июнь. - №47. – Б. 8;
  • ОРОКЧИЕВ Т. Акматбек Сүйүмбаев: Өмүрү өрнөк адамдар // Кыргыз Руху. – 2004. – 17-дек. - №50. – Б. 5-6;
  • СҮЙҮМБАЕВ Акматбек // Чүй облусу = Чуйская область: Энциклопедия. – Б., 1994. – Б. 335.



Интернеттеги шилтемелер түзөтүү


Ички шилтемелер түзөтүү


  1. http://www.prezident.kg/kg/okujalar/20449_akmatbek_symbaevge_kirgiz_respublikasinin_baatiri_e_ghogorku_artikchilik_daraghasi_iygarildi(жеткиликсиз шилтеме)