Акматова Батма 1967-жылы 20-сентябрда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1986-жылы орто мектепти, 1991-жылы Бишкек шаарындагы Орус тил жана адабият институтун аяктаган.
  • Эмгек жолун 1991-жылы Сузак районунун У. Абдукаимов атындагы орто мектебинде орус тил жана адабияты мугалими болуп иштеп баштаган.
  • 1992-1999-жылдары Сузак районунун К. Эрматов атындагы жатак мектебинде орус тил жана адабияты мугалими, 1999-2011-жылдары Сузак районунун И. В. Мичурин атындагы орто мектепте мугалим, директордун мектептен жана класстан тышкаркы иштер боюнча орун басары, методикалык иштер боюнча орун басары, директордун милдетин аткаруучу 2011-жылдан бери мектептин директору болуп эмгектенет.
  • Райондук «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунда «Гран При»нин ээси.
  • 2007-жылы өткөн Мугалимдердин Республикалык 2-сьездинин делегаты.
  • «Жылдын мыкты иш берүүчүсү» конкурсунун райондук, областык жеңичүүсү.
  • «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган.
  • Эки уул, бир кыздын энеси.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3