Акматов Абдыкадыр 1928-жылы азыркы Сузак районунун Багыш айылында туулган.

Башталгыч мектепти бүткөндөн кийин, зирек болгондугунан, 14 жашынан баштап Багыш селсоветинде иштей баштайт. Улуу Ата мекендик согуш башталганда, өзү теңдүү курбулары сыяктуу эле, баардыгы фронт үчүн, баардыгы жеңиш үчүн деген ураандын алдындагы, тылдагы оор турмушту башынан кечирет.

Согуш бүтүп, жашоо бир нукка түшө баштаган, элүүнчү жылдардын башында, Ош шаарындагы техникумдун бухгалтерлик кесип боюнча бөлүмүнө окууга тапшырат.Окууну ийгиликтүү аяктап келгенден кийин, Октябрь Райкомунун аппаратында бухгалтер болуп эмгектене баштайт.

Андан кийин Багыш селсоветинде иштейт да, Жалал-Абад шаарында “Кыргызсельхозхимия” бирикмеси түзүлгөндө, ошол жакка которулуп, пенсияга чыкканга чейин бухгалтер болуп эмгектенип келген.

Согуш убагындагы тылдагы каарман эмгеги үчүн, бир топ юбилейлик медалдар жана көптөгөн диплом, грамоталар менен сыйланган. 2008-жылы дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3