Акматов Барпы 1949-жылы 15-апрелде Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган.

1966- жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектебин, Ош Мамлекеттик педагогикалык институтун артыкчылык диплому менен аяктап, Токтогул районуна караштуу Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепте математика мугалими болуп иштей баштаган. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Жалал-Абад шаарында жайгашкан педагогикалык окуу жайында мугалим болуп иштеп турганда 1973-жылы белгилүү педагог Ж. Мустафиндин чакыруусу менен ОшПИнин алгебра жана геометрия кафедрасында окутуучу, ага окутуучу жана доценттик кызматта иштеп келген.

Москва шаарындагы М. И. Ломоносов атындагы университетинин мехмат факультетинде стажер-мугалим катарында билимин ошол эле шаарда жайгашкан В.И. Ленин атындагы Мамлекеттик педагогикалык университетинин “Геометрия жана топология” адистиги боюнча аспирантурада окуган.


Профессор Н. М. Остиянунун жетекчилиги менен илимий иттттин үстүндө иштеп, 60 дан ашуун илимий жана окуу методикалык макалалары жарык көргөн.

1993- жылы “Дифференциалдык структуралар менен багытталган көп түспөлдүүлүктөгү сызыктуу бөлүштүрүүлөр” деген темада кандидаттык дисертациясын ийгиликтүү жактаган.

Докторлук илимий-изилдөө жумушун Москва шаарында жайгашкан В. И. Ленин атындагы Мамлекеттик университетте улантып жатканда 2005-жылы 23-июлда капилеттен көз жумган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3