Акматов Бекболот - (1936-ж. туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Жалпакташ айылы) - хирург, медицина илимдеринин доктору (1989), КРнын эмгек сиңирген дарыгери (1995). КММИни (1960), ошол эле жерде аспирантураны (1969) бүтүргөн. Райондук ооруканада хирург, КММИде ассистент, доцент, профессор 1991-жылдан кафедра башчысы. Боор жана өт хирургиясы боюнча адис. 90дон ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 9 ойлоп табуусу бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1