Акматов Кубанычбек (10.11.1940-30.12.2016 ж., Коргон-Төбө айылы) - коомдук ишмер, биология илимдеринин кандидаты (1973).

Жалал-Абад зоотехникумун (1961), Кыргыз айыл чарба институтун бүткөн (1969). Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1962-65).

  • 1956-58-жылдары жардамчы чабан,
  • 1969-70-жылдары Сокулук районунун «Аламүдүн» канааттуулар фабрикасында башкы ветеринары,
  • 1970-76-жылдары Кыргыз илим изилдөө мал-чарба институтунун илимий кызматкери, ага илимий кызматкери,
  • 1976-83-жылдары Алай районунун айыл-чарба башкармасынын начальниги,
  • 1983-87-жылдары Ноокат районунун партиялык комитетинин 2-катчысы,
  • 1987-90-жылдары Эл депутаттарынын Ала-Бука райондук кеңешинин төрагасы,
  • 1990-1991-жылдары «Бирлик» совхозунун директору,
  • 1991-94-жылдары Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими,
  • 1994-1996-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин проректору болуп иштеген.
  • 1996-жылдан «Токой, бак-чарба» кафедрасынын кафедра башчысы.

Райондук, облустук кеңештин 2 жолку депутаты болгон.

  • 2000-жылы пенсияга чыккан.
  • 2016-жылы каза болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6