Акматов Төлөнбек
Акматов Төлөнбек (1938-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - сооданын отличниги (1971) жана жетекчи кызматкер.
- Фрунзедеги кооперация техникумун (1963) жана Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн (1986).
- Эмгек жолун 1958-ж. Калинин районундагы Сосновка кыштагындагы айылдык керек-жарак коомунун соода бөлүмүндө сатуучу болуп баштайт.
- 1960-61-жылдары Чалдыбар кыштагында дүкөн башчысы,
- 1963-66-жылдары Сосновка айылдык керек-жарак коомунда жана Кенес-Анархай жумушчулар кооперациясында башкарманын орун басары, 1966-68-жылдары Ивановка райондук керек-жарак коомунда башкарманын орун басары,
- 1968-70-жылдары Чүй районунда чарба аралык сооданын директору,
- 1970-71-жылдары Юрьевка айылдык жана 1971-76-жылдары Чүй райондук керек-жарак коомунун башкармасы,
- 1976-86-жылдары Чүй районундагы Кыргыз керек-жарак коомунун универсалдык соода базасынын директору,
- 1986-87-жылдары Чүй райондук керек-жарак коомунда текшерүүчү болуп иштеген.
- Көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган.
- Шааболот уруусунан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүСуусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9