Акназаров Бекболсун Камчыбекович

Акназаров Бекболсун Камчыбекович - (1961ж.туулган, Ош облусу, Кара-Кулжа району, Карагуз айылы) - ветеринария илимдеринин доктору (2001), профессор (2001). К.И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун (1985), Москва ветеринария академиясынын аспирантурасын (1988) бүтүргөн. КАЧИде ассистент, доцент, кафедра башчысы, 2000-жылдан декан, 2003-жылдан институттун директору. Ветеринариялык иммунология, акушерлик жана малды көбөйтүү технологиясы боюнча адис. Ал 30дан ашык илимий эмгектин автору. Эмгектери: Этнопатогенез и реабилитация патологий органов размножения у коров и тёлок. Б., 2000.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1