Аксай сымап кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Үч-Коргон кыштагынан 8 км, Кызыл-Кыя шаарынан 15 км түштүк-батышта, Алыш тоосунун түндүгүндө, деңиз деңгээлинен 1200–1500 м бийиктикте. 1962–92-ж. мезгил–мезгили менен издөө жана чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбондун карбонат-терриген тектеринен түзүлгөн. Жалгыз минералдуу (киноварь) сымап рудасы акиташ жана аны жаап турган терриген тектеринин кошулган жериндеги жаспероиддер жана акиташ-жаспероид брекчиялар тулкуларына топтолгон. Брекчияланган зоналардын калыңдыгы 1-1,20 м. Рудадагы сымаптын орточо өлчөмү 0,24%. Руданын С2 категориясы боюнча запасы 92,5 миң т, андагы сымаптын запасы 222,2 т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү