Ак-Сай өрөөнү

Аксай өрөөну‎»‎ барагынан багытталды)

Ак-Сай өрөөнүИчки Теңир-Тоодогу бийик тоо өрөөнү. Орографиялык жактан Батыш Ак-Сай жана Чыгыш Аксайга бөлүнөт. Батыш Аксайды Атбашы, Жаңжер, Какшаал, Көккыя тоолору курчап жатат. Узундугу 81 км, таманынын эң жазы жери 28 км. Өрөөн деңиз деңгээли 2900-3800 м, курчаган тоолор 3900-5000м бийиктте таманды дөбө-дөңсөөлү, ортоңку бөлүгү түзон жана жапыз кашаттуу. Жылдын жаан-чачыны 257 мм. Кышында кар аз түшүпа айрыс жылдары дер "кара" чыгат. Өрөөндү курчаган тоолор мөңгүлүү (жалпы аянты 118,4 км2 келген 58 мөңгү бар.) Бардык жеринде түбөлүк тоң тараган. Негизи суусу Ак-Сай (Батыш). Майда моренадан жана термокраст процесстеринин пайда болгон көлдөр бар. Аксайга субалып жарым чөлү жана кургак талаа (3100-3600 мм чейин), алып шалбаалуу талаасы, айрым жеринде муздак тундра (3600-3900 мм), андан жогору невалдык гляциалдык ландшафт алкакатары мунөздүү. Өрөөн Кыргызстандагы ири жайлоо жана кыштоо. Нарын, Атбашы, Акталаа районунун малы багылат. Малчыларды тейлөөчү маданий борбор уюштурулган. Өрөөндөн авто жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

...