Аксакалдар кеңеши
Аксакалдар кеңеши - Кыргыз каганатында жана анын башкаруу иерархиясында өзгөчө функцияны аткарган. Бул кеңешке кыргыз коомуна жана мамлекеттин алдында өзгөчө аткарган кызматы бар коомдук-саясий, аскер ишмерлери, уруу жана уруулук бирикмелердин жетекчилери, кагандын кеңешчилери, жакын жардамчылары катыша алышкан. Аксакалдар кеңешинде каган тарабынан сунушталган маанилүү мамлекеттик маселелер, өлкөнүн ички жана тышкы саясатындагы учурдагы урунттуу жана болочок маселелер талданып, мерчемделген. Чарбалык-экономикалык жалпы абал, өлкөдөгү калктын жашоо деңгээли талданган. Кеңеш патриархалдык-уруулук мамилелер терең калыптанып, өнүккөн коомдо өзгөчө абройго ээ болгондугу илимде маалым. Аксакалдар кеңеши Кыргыз мамлекетинин жана мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүнүн соңку доорлоруна чейин өз функциясын аткарып келди. Арийне, борборлошкон Кыргыз каганаттары түзүлүп, өнүгүп-өсүп жаткан доорлордо мамлекет башчылары болгон кагандар өлкөдөгү өтө маанилүү маселелерди жеке өздөрү да чече алышкан. Аксакалдар кеңеши - алгачкы общиналык (жамааттык) коомдо (көпчүлүк учурда мамлекетке чейинки коомдордо да) коллективдик-жамааттык, уруктук, уруунун ичиндеги жашы боюнча башкаларга салыштырмалуу улуу мүчөлөрү, ошол коллективдин бийлик жана башкаруу органы болгон. Аксакалдардын коомдогу ээлеген (эреже катары, эркектер) орду алардын каада-салттарды сактап алып жүргөн кадыр- баркы, аброю менен аныкталган. Алгачкы общиналык (жамааттык) коомдун өсүп-өнүгүшү менен бирге, аксакалдар менен катар башка да бийлик жүргүзүүчүлөр, мисалы жол башчылар (жол башчы деп көбүнчө мураска калчу башкаруу бийлигин түшүнүшөт) пайда боло баштайт. Аксакалдар менен жол башчылардын коомдогу (уруудагы, уруулук бирикмедеги) реалдуу бийлигинин салмагы өзгөрүп турган. Коомдун өнүгүүсү, жеке менчиктин жана мүлктүк дифференциянын пайда болуусу менен бирге жол башчылардын бийлиги жогорулай баштайт. Уруу башчылары болгон аксакалдар кеңеш берүүчүлөргө айланышат. Бирок бул жаатта да аларды жол башчынын жан-жөкөрлөрү артка сүрүп олтурушту. Ошого карабастан, алгачкы жамааттык коом ыдырап, бузулуп бара жатканда аксакалдар коллективдин жаш мүчөлөрүнө салыштырмалуу көбүрөөк артыкчылыктарды алууга мүмкүндүк алышкан. Аксакалдар мындай артыкчылыктарды өз туугандарына бекемдеп берүүгө умтулушкан. Ошону менен бирге, алар урук-уруулук, өзгөчө аристократиялык катмардын калыптанышында негизги булактардын бири болуп калышкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк.Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4