Аксарбашыл - адамдар башына оор иш түшкөндө (кыйын оору, кырсык ж. б.) же сүйүнгөндө, тилек тилеп кудай жолуна аталып союлуучу мал. Аксарбашыл деп бул түшүнүк ислам динин кабыл алганга чейин эле пайда болуп, кийинчерээк ал диний мүнөзгө ээ боло баштаган. Аксарбашылга союлчу жандыктын өңү адегенде ак, боз болсо, бара-бара анын түсү ылганбай калган. Аксарбашыл ырымы «Манас» эпосунда айкын чагылдырылган. Чыйырдынын толгоосу күчөп, кыйналып жаткан учурда «Алып келип бай Жакып Аксарыбашыл кой чалды, Ай туякка бээ чалды. Ай мүйүзгө уй чалды», деп эскерилет. Азыр да эл арасында Аксарбашыл атоо учурайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1