Аксуу-Арашан мөңгүлөрүЫсык-Көл өрөөнүндөгү татаал-өрөөн тибиндеги мөңгүлөр.

Тескей Алатоонун түн. капталында. Аксуунун сол куймасы Алтынарашан суусунун төрүнөн орун алган. Чыгыш ж-а Батыш А.- А. м-нөн турат. Чыгыш Аксуу – Арашан мөңгүсүнүн уз. 3,5 км, аянты 4,3 км2. Төмөнкү бөлүгү кууш; туурасынан кеткен жаракалар бар. Мөңгү чегинүүдө; азыркы каптал мореналар мөңгүнүн «тилинен» 350–400 м төмөн ж а тат. Этек моренасынын жалчасы туура лай жатып, көлдү пайда кылат; анын асты м-н сарыгып суу агат. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4100 м, этеги 3590 м бий икти кте жайгашкан. Кар чегинин бийикт. 3710 м. Абляция облусунун аянты 3,2 км2 . Батыш Аксуу – Арашан мөңгүсүнүн уз. 2,7 км, аянты 3,2 км2, мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4550 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3760 м. Абляция облусунун аянты 1,6 км2. Мөңгү бийик төрдө жайгашкан. Кенен ж-а татаал куралуу облусу мүнөздүү; анын оң бөлүгүндө фирн талаасы тоонун кырына жетпейт. Мөңгүнүн «тили» ортоңку морена аркылуу эки салаага бөлүнгөн. Алар омкорулган муздар м-н татаалданган. Мөңгү «тилинен» 500–550 м төмөн жаткан каптал мореналар анын тартылып жаткандыгын айгинелейт. Андан башталган суулар Алтынарашанга кошулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2