Аксыкент — байыркы шаар. 10-кылымда Фергана өрөөнүнүн борбору, Бабурдун тушунда Ферганадагы чоңдугу жагынан 2-шаар болгон. Аксыкент шаарынын калдыгы Сыр-Дарыянын оң жээгинде, азыркы КР менен чектешкен Өзбек Республикасынын Наманган шаарынын жанындагы Шаханд кыштагынан табылган. Анын чеби, шахристаны, рабаты жана чоң базары болгон. Байыркы Эски Ахси, моңголдор мезгилине чейинки жана Амир Темирдин тушундагы Жаңы Ахси шаары ар түрдүү убакта бөлөк-бөлөк курулса да, жалпы жонунан Аксыкент деп аталган. Шаар соода-сатык, илим-билимдин да борбору болгон. Орто кылымдагы тарыхчы Сайф ад-Дин Аксыкенти (Мажму-ат-Таварихтин автору) ушул шаарда туулуп өскөн. 1510-ж. жер титирөөдөн кыйрап, калкы анын жанындагы Намак айылына көчүп кеткен, кийин анын ордуна Наманган шаары пайда болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1