Актан Табылды - Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу, комузчу-ырчы, кыргыз театр жана кино өнөрүнүн чебери, төкмө акын, режиссер, драматург, манасчы, Айтылуу чоң манасчы Тыныбектин небереси. Табылды Актан Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Өрнөк айылында 1949-жылы

12-мартта кыргыз улуттук өнөрүнүн залкарларынын бири манасчы Актан Тыныбековдун үй-бүлөсүндө туулган.

1965-жылы Фрунзе шаарындагы Эл чыгармачылыгы үйүнүн алдындагы музыка бөлүмүндө аккордеон классын бүтүргөн. 1968-жылы Нарын облустук музыкалуу драма театрына актер жана музыкант болуп кабыл алынган.

Учурда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенет.

Актан Табылды манас айтуу өнөрүн атасы Актандын жана башка манасчылардын таасири менен өздөштүргөн. Ал республикалык деңгээлде өткөрүлгөн манасчылардын сынактарына, залкар манасчылардын юбилейлик салтанаттарына карата уюштурулган кечелерде “Манас” айтуу менен катышып келет. Анын айтуусундагы “Манас” дагы өзүнчө бир оригиналдуулукка ээ.

Драматург катары «Барс-бек», «Теңирим Манас», «Үмүттүн үрөнү» «Саламандра» «Реквием», «Аксак, кулан», «Кылым мүшкүлү» «Айкөлдүн аманаты», «Ыймандын жаралышы», «Азизхандын Алмамбет» «Махабат кербени», «Эр Табылды» ж.б. 20 га жакын драмаларды жазып, республикалык театрларда коюлуп келе жатат.

1991-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти», 1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамы ыйгарылып, 1995-жылы М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси болгон. Ондогон ири сынактардын жеңүүчүсү.

1997-жылы Түркиядагы Чорум шаарында жана 2002-жылы Индияда Дели шаарында өткөн эл аралык улуттук өнөр фестивалдарында жеңүүчү жана лауреат наамдарын алган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү