Акташ акиташ теги кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде. 1968-ж. ачылган. Кен аймагын силур мезгилинин чөкмө тоо тектери түзөт. Акиташ теги сланец тектеринин арасында жайгашкан. Узундугу 3,5 км, калыңдыгы 80 мдей. Ак, кара түстө. Суукка чыдамдуу, жүк көтөрүмдүүлүгү жана кысууга жөндөмдүүлүгү жогору. Запасы 1 млн м3. Дубалды каптап кооздоого жарамдуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү