Актив (лат. activus – ишкердүү) – 1) уюмдун кандай гана болбосун менчиги: машиналар менен шаймандар, туракжайлар, корлор, банк салымдары, баалуу кагаздарга инвестициялар, патенттер; 2) бухгалтердик баланстагы ишкананын материалдык жана материалдык эмес ( гудвилл ) баалуулуктарын чагылдырган бөлүгү; кайта өндүрүүдө жолжобосуна карай топтоштурулган каражаттардын курамын, жайгаштырылышын жана пайдаланылышын мүнөздөйт; 3) баланстын айрым түрлөрүндө (төлөм балансы ж. б. у. с.) кирешелердин чыгашалардан ашып кетүүсү.

== Колдонулган адабияттар ==