Активдештирүү анализи - заттын курамын аныктоо ыкмасы.

Атом ядролорунун активдүүлүгүн, о. эле ядролордо нуклондун курамынын өзгөрүшүнүн аркасында болуучу радиоактивдүү нурланууну изилдөөгө негизделген. Д.Хевеши (G.Hevesy) жана Г.Леви (Levi) тарабынан биринчилерден болуп киргизилген.

Анализделүүчү зат нейтрон, γ-квант жана заряддалган бөлүкчөлөрдүн (α-бөлүкчө, протондор, дейтрондор ж. б.) агымы менен нурландырылып, пайда болгон радиоактивдүү ядролордун (нуклондордун) ажырашын коштогон экинчилик нурлануунун күчү жана энергетикалык спектри, о. эле нуклондордун жарым ажыроо мезгили Т1/2 аныкталат. Жарым ажыроо мезгили, радиоактивдүү өзгөрүүнү жана энергияны билүү менен таблицадан алгачкы ядронун катар номурун жана массалык санын аныктоого болот. Ошентип Активдештирүү анализинин негизин ядролук процесстер түзүп, аныкталуучу элементтердин кандай химиялык бирикмелерге киришине көзкаранды болбойт. Активдештирүү анализдин негизги баалуулугу болуп ар кандай объекттердин (үлгү заттардын) курамында өтө аз санда кезигүүчү элементтерди өтө тез, экспресс анализ жүргүзүп аныктоо мүмкүнчүлүгү эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү