Актинограф - (актино... жана гр. grahpe - жазып жатам) - күн радиациясын автоматтык түрдө тынымсыз жазып туруучу прибор. Кабыл алуучу жана каттоочу бөлүктөрдөн турат. Күнгө багытталып айланган кабыл алуучу бөлүктүн милдетин көбүнчө термоэлектрдик актинометр, каттоочу бөлүктүкүн - гальванограф аткарат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1