Актиномицеттер (гр. aktis - нур, mykes – козу карын) – козу карындын гифтерине окшош (аталышы ошондон). Бирок, цитол., биохим. белгилери боюнча прокариоттук бактериялар тобуна кирет.

Actinomyces israelii.

Бул жөнүндөгү биринчи маалыматтар (1870-1878-жж.) нем. микробиологдору Ф. Кон жана Ц. Гарцтар тарабынан изилденген. Алар жаныбарлардын митеси болгон жип түрүндөгү микроорганизм ж-дө жазышып, аны «нурлуу козу карын» – актиномицет деп аташкан. А-де эндоспора, экзоспоралар бар. Айрымдарында споралар энелик клетканын үстүндө (экзогендик) жетилип, бутактанган клетка, же мицелия түрүндөгү бактерияларды элестетет. Алар топуракта, көлмөдө, өсүмдүк калдыктарында жана башка кездешет. Айрымдары жаныбарларда, адамдарда актиномикоз, туберкулез, дифтерия жана башка ооруларды пайда кылат. Ошондой эле өсүмдүктүн да мителери. А-ге кадимки А., микобактериялар, стрептоспорангиялар жана башка уруулар кирет. Булардан түрдүү антибиотиктерди (стрептомицин, тетрациклин жана башка) алууга болот. Пигмент, витамин жана башка пайда кылуучу түрлөрү микробиол. өндүрүштө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү