Актөш көгүчкөн
Актөш көгүчкөн (Columba Leuconota) – куштардын көгүчкөндөр түркүндөгү куш. Чанда жолугуучу көгүчкөн. Алай, Чоң-Алай, Туркестан тоолорунун кыркаларында таралган. ХIХ к-дын аягында ХХ к-дын башында Кыргызстанда А. к. жолукканы ж-дө маалыматтар бар. Уясына 2 жумуртка тууйт. Ал өсүмдүк уругу, мөмөсү, бүчүрү менен азыктанат. А.к. көгүчкөндөр саны аз богондуктан, алар коргоого алынып, Кыргызстандын Кызыл китебинине катталган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4