Акустикалык агымдар - чоң интенсивдүү үн талаасындагы чөйрөнүн үзгүлтүксүз агымы.

Акустикалык агымдар бир тектүү эмес эркин үн талаасында жана өзгөчө үн талаасына жайгаштырылган ар кандай тоскоолдуктардын жанында пайда болот. Акустикалык агымдар дайыма куюн мүнөздө болот. Анткени толкундагы чөйрөнүн бөлүкчөлөрүнүн термелиши менен байланышкан жана аны менен таралуучу кыймыл саны толкун жутулганда чөйрөгө берилип, анын үзгүлтүксүз кыймылын пайда кылат. Ошондуктан А. а. ылдамдыгы үндүн жутулуу коэффициентине жана анын интенсивдүүлүгүнө пропорциялаш, бирок үн толкунундагы бөлүкчөлөрдүн термелүү ылдамдыгынын чоңдугунан ашпайт. Үн булагын ишке киргизгенден кийин Акустикалык агымдар дароо пайда болбойт.

Анын үндүн таасири менен пайда болгон ылдамдыгы чөйрөнүн илээшкектигине байланышкан тормоздоосу компенсация болгуча күүлөнөт. Агымдын мүнөздүү масштабы l жана үн толкунунун λ=2π/k (k - толкун саны) узундугунун өз ара катышына жараша Акустикалык агымдар үч типке ажырайт: 1. Агымдын масштабы бир тектүү эместиктин өлчөмү (мис., kl˃˃1 кезинде үн тобунун радиусу) менен аныкталуучу бир тектүү эмес үн талаасындагы агым. 2. Масштабы туруучу толкундун узундугу (kl ~1) менен аныкталуучу туруучу (стоячие) толкундардын агымы. 3. Акустикалык талаага жайгаштырылган тоскоолдуктарга жакын чегаралык катмардагы агым.

Колдонулган адабияттар түзөтүү