Акустикалык голография – акустикалык толкундун жардамы менен нерсенин сүрөттөлүшү алынуучу интерференциялык ыкма.

Акустикалык голографиялык сүрөттөлүштү алуунун негизги принциби оптикалык голографияга окшош. Yн ылдамдыгы өтө чоң эмес, ал эми көпчүлүк акустикалык кабыл алгычтар сызыктуу болгондуктан Акустикалык голографияда таканчыктуу толкунду пайдалануу ылайыксыз. Акустикалык голограмманы алууда көзгө көрүнгөн диапазондогу когеренттүү жарык пайдаланылат. Акустикалык голограмманы жазуу атайы алып жүргүчтөрдө жазылат. Алар аркылуу өткөн жарык толкунунун амплитудасы же фазасы өзгөртүлүшү мүмкүн. Алып жүргүч катары фотопленка, термопластинка, электр-оптикалык эффект берүүчү кристаллдар колдонулат. Үн талаасын көзгө көрүнгөндөй кылуучу түрдүү ыкмаларды колдонсо, акустикалык голограмма көрүнөт. Акустикалык голограмма талаасын магнит тасмасына электр сигналынын удаалаштыгы түрүндө жазууга болот, аны иштетүү эсептегич машина аркылуу ишке ашырылат. Алынган сүрөттөлүш андан кийин график же жарым тондуу дисплей түрүндө чыгарылат.

Акустикалык голограмманы калыбына келтирүүчү оптикалык же цифралуу ыкмаларды тандоо жыштыктын диапазону кирген маалыматтын көлөмү жана сүрөттөлүштү калыбына келтирүүдөгү мүмкүн болгон тактык менен аныкталат. Оптикалык ыкма жыштыктын кaaлaгaн диапазонунда, ал эми цифралуу ыкма төмөнкү жыштыктуу үн диапазонунда пайдаланылат. Акустикалык голограмманы оптикалык жактан калыбына келтирүү үчүн көпчүлүк учурда кабыл алуучу антенналуу түзүлүш пайдаланылат. Акустикалык голографияда жарык толкунуна караганда үндүн толкун узундугу чоң болгондуктан нерсенин үндүк сүрөттөлүшүн калыбына келтирүү бүртүктүү түзүлүшкө ээ жана дааналыгы анчалык болбойт. Мындайды болтурбоо үчүн жыштыктын кеңири диапазонунда нурландырылат жана түрдүү жагынан ак жарыктуу үн менен жарыктандырылат. Акустикалык голография жердин түзүлүшүн изилдөөдө, деңиздин түбүнүн сүрөттөлүшүн алууда, геофизикада, о. эле гидролокацияда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү