Акустикалык импульс - таралып жаткан үн толкунунун басымынын кескин өзгөрүшү. Мисалы, жарылууда, ок атылганда, учкун разрядында, нерселердин кагылышында пайда болгон үн толкундары. Акустикалык импульстун ар биринде чоң жана кичине басымдын аймактары болот. Анын спектри туташ жана максимум мезгили боюнча анын узактыгына жакын термелүү жыштыгынын аймагына туура келет. Ал чектелген көлөмдө акустикалык изилдөө жүргүзүүдө, гидроакустикада деңиз чөйрөсүн изилдөөдө жана тереңдикти өлчөөдө, ультраүн дефектоскопиясында ж. б. колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1