Акустикалык радиометр ― үндүн таралыш басымын, башкача айтканда үн энергиясынын тыгыздыгын, үндүн интенсивдүүлүгүн ж.б. үн толкунунун параметрлерин өлчөөчү курал.

Акустикалык радиометрдин жардамы менен үндүн интенсивдүүлүгүн аныктоодо-орто жана жогоркy ультраүн жыштык аймагындагы бирден-бир жөнөкөй ыкмалардын бири. Бирок Акустикалык радиометр инерциялуу жана акустикалык агымга ийкемдүү болгондуктан өлчөөнүн тактыгы төмөн болот.

Булактар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0