Акустикалык релаксация - үн толкунундагы кысылуу жана сейректелүүлөрдүн таасири менен чөйрөнүн термодинамикалык теңсалмактуулугун калыбына келтирүүдөгү ички процесстер.

Үн толкунунда чөйрөнүн бөлүкчөлөрүнүн алга умтулуу кыймылынын энергиясы ички эркин даражаларга бөлүнүп, аларды дүүлүктүрүү менен алга умтулуу кыймылынын энергиясы азаят. Ошондуктан Акустикалык релаксация дайыма үндүн жутулушу жана дисперсиясы менен коштолот. Газдардагы Акустикалык релаксациянын мүнөздүү механизми - молекулалардын алга умтулуу жана ички эркин даражалары арасындагы энергия алмашуусу. Акустикалык релаксация термелүүчү жана айлануучу релаксация болуп айырмаланат; мында үндүн энергиясы молекулалардын термелүү жана айлануу эркин даражаларын дүүлүктүрүү үчүн чыгымдалат. Газдарда жана суюктуктарда молекулалардын электрондук деңгээлдерин дүүлүктүрүүчү электрондук Акустикалык релаксациянын болушу да мүмкүн: ультраүндүн таасири менен суюктуктун ички структурасы өзгөргөндө химиялык ультраүндүн таасири менен химиялык реакциялар жүргөндө ж.у.с. Катуу нерселерде, жарым өткөргүчтөрдүн жана металлдардын ичинде УҮ таралганда акустикалык толкун электрондордун теңсалмактуу бөлүштүрүлүшүн бузат. Бул толкундун кошумча жутулушуна алып келет. Релаксация процесси газдын молекулаларынын убакыт бирдигинде кагылышууларынын саны жана бул кагылышуулар учурундагы энергиянын эффективдүү берилиши өңдүү заттын микроскопиялык касиеттерине көзкаранды болгон релаксация убактысы τ менен мүнөздөлөт. Газда белгилүү температурада релаксация убактысы τ эркин даражаларын дүүлүк-түрүүгө керек болгон кагылышуу санына түз пропорциялаш. τ чоңдугу температура жана басымга көзкаранды. Анткени бул чоңдуктардын өзгөрүшү менен молекулалардын арасындагы кагылышуулардын жыштыгы өзгөрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү