Акустикалык чуу — гармониялык эмес, ар башка жыштыктагы татаал түзүлүштүү үн. Жаратылышы боюнча акустикалык чуу төрт түргө бөлүнөт: 1) механикалык чуу - катуу нерселердин дирилдөөсүнөн; 2) аэро- же гидродинамикалык чуу - кыймылдагы газдардын, буунун жана суюктук басымынын, ылдамдыгынын өзгөрүшүнөн; 3) термикалык чуу жарылуунун же разряддын натыйжасында басымдын кескин чоңоюп, жылуулуктун өтө тез бөлүнүп чыгышынан; 4) кавитациялык чуу - суюктуктагы аба көбүкчөсүнүн жарылуусунан пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1