Акустикалык чыпка – татаал үндөрдөн белгилүү чоңдуктагы жыштык тилкесин бөлүп алууга арналган акустикалык түзүлүш.

Нөлдөн кандайдыр бир чекке чейинки бардык термелүүлөрдү өткөрүүчү түзүлүш төмөнкү жыштыктагы Акустикалык чыпка деп аталат. Берилген мааниден жогору бардык жыштыктагы термелүүнү өткөргөнү - жогорку жыштыктуу, ал эми берилген эки жыштыктын ортосундагы кууш тилкелүү термелүүнү өткөргөнү – тилкелүү Акустикалык чыпка деп аталат. Туурасынан кесилиши S жана узундуктары болгон ичке түтүктөр менен өз ара бириктирилген, көлөмдөрү V болгон бирдей көңдөйчөлөрдүн жыйындысы төмөнкү жыштыктагы Акустикалык чыпка болот. Мында системанын бардык кинетикалык энергиясы түтүктөрдүн ичинде кыймылдаган абада топтолгон, ал эми потенциалдык энергия-көңдөйчөлөрдөгү абанын серпилгичтүү деформациясы менен байланышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү