Акустикалык электрондук өз ара аракеттешүү

Акустикалык электрондук өз ара аракеттешүү (АЭА) - металлдардагы жана жарым өткөргүч-төрдөгү өткөрүмдүүлүк электрондору менен (10^7-10^13Гц жыштыктагы) ультраүн толкундарынын өз ара аракеттешүүсү; таралуучу УY толкундарынын аракети менен кристаллдык торчонун деформацияланышында кристаллдын ичиндеги талаанын өзгөрүшү.

АЭА – электронфонон өз ара аракеттешүүсүнүн айрым учуру. АЭА учурунда кристалл торчосунун өткөрүмдүүлүк электрондору УҮ толкуну менен энергия, импульс алмашышат: УY толкунунун энергиясынын өткөpүмдүүлүк электрондоруна берилиши үндүн электрондук жутулушуна, ал эми импульстардын берилиши - акусто-электрдик эффектиге алып келет. АЭАтин натыйжасында энергиянын кайрадан бөлүш-түрүлүшү кристаллдардын жылуулук сыйымдуулуктарын, жылуулук өткөрүмдүүлүктөрүн, электр каршылыктарын өзгөртөт. АЭА УҮдүн дисперсиясына, акустикалык гармоникалардын пайда болушуна, УҮдүн күчөтүлүшүнө алып келет. Кристаллдын тибине байланыштуу АЭАтин бир канча түрү бар: иондук өз ара аракет; потенциал-деформациялык аракет; пьезоэлектрдик өз ара аракет ж. б. Иондук өз ара аракет металлдарда байкалат. Иондук кристаллдарда таралган акустикалык толкундар иондордун теңсалмактуулук абалынан жылышуусуна алып келет. Бул кыймылдын эсебинен кристаллда пайда болгон иондук токтун электр талаасы өткөрүмдүүлүк электрондоруна таасир этет. Потенциал-деформациялык аракет Ge, Si, As ж. б. у. с. жарым өткөргүчтөрдө байкалат. Таралуучу УҮ кристаллдын зоналык структурасын өзгөртөт. Өзгөчө бул тыюу салынган зонанын туурасынын чоңоюшуна же кичирейишине алып келет. Ушул себептен зоналарда заряддардын чоң жана кичине тыгыздыктагы областтар пайда болуп, алардын ортосунда өткөрүмдүүлүк электрондорго аракеттешүүчү электр талаасы байкалат. CdS, CdSe, ZnS, JnSb,Ca ж. б.у.с. жарым өткөргүчтөрдө пьезоэлектрдик өз ара аракет байкалат. Бул учурда кристаллда деформациянын эсебинен электр талаа жана тескерисинче электр талаанын эсебинен кристаллда деформация пайда болот. Кристаллдагы электр талаа электрондук токту пайда кылат. Электрондук токту пайда кылган электр-магниттик талаанын аракеттешүү күчү акустикалык толкундардын өткөрүмдүүлүк электрондорго жасаган аракеттешүү күчүнөн бир топ чоң болот. Ошондуктан электронго аракет этүүчү натыйжалоочу күч кристаллдын өткөрүм-дүүлүгүнө σ жана УҮ жыштыгына ω көзкаранды. УY жыштыгы ω менен ν электрондордун кагылышуу жыштыгы арасындагы өз ара катышы жана УҮ толкун узундугу λ менен lе-электрондордун эркин жүрүү жолунун узундугу арасындагы өз ара катышына жараша АЭА үчүн жыштыктардын үч мүнөздүү аймагы бөлүнөт: 1) узун толкундуу аймак (ω/ν<1,ℓ/λ<1), мында УҮ толкуну электрондордун бөлүштүрүлүшүн модуляциялайт; бул аймактагы процесс-тер гидродинамиканын теңдемелери менен аныкталат; 2) жыштыктардын квант аймагы (ω/ν˃1,ℓe ), мында АЭА электрон менен фонондордун өз ара аракеттешүүсү катары каралат; 3) жыштыктын орто аралык аймагы (ω/ν˃1,ℓе /λ˃1).

Колдонулган адабияттар түзөтүү