Акустикалык электр эффекти

Акустикалык электр эффекти - ток өткөрүүчү чөйрөлөрдө (металл, жарым өткөргүч) таралуучу ультра үн толкундарынын эсебинен турактуу электр тогунун пайда болушу. Ал ультраүн толкун энергиясы жана импульсу чөйрөнүн өткөрүмдүүлүк электрондоруна берилишине байланыштуу. Бул учурда үндүн таралуу багытына туура келген электрондордун иреттелген кыймылы пайда болот. Жөнөкөй жарым өткөргүчтөрдө жана металлдарда акустикалык электр эффекти анчалык күчтүү эмес, ал эми пьезожарым өткөргүчтөрдө (CdS, CdSe) эффект абдан күчтүү болот. Ошондуктан ал катуу нерселердеги ультра үндүн ургаалдуулугун өлчөөдө, жарым өткөргүчтөрдүн электрдик касиеттерин изилдөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1