Акустикалык ядролук магнит резонансы

Акустикалык ядролук магнит резонансы (АЯМР) – турактуу магнит талаасында жайгаштырылган катуу заттардагы атом ядролорунун магнит моменттеринин багытынын өзгөрүшү менен шартталган акустикалык термелүүлөрдүн (фонондордун) энергиясын тандамалуу жутуу кубулушу.

Көпчүлүк ядролор үчүн резонанстык жутулуу 1ден 100 МГц жыштыктагы УҮ аймагында байкалат. АЯМР-ядролук магниттик резонанска (я. м. р.) окшош. n жыштыктагы акустикалык термелүүлөр заттын ичинде таралганда (фонондун энергиясы энергиялардын деңгээлдеринин айырмасына барабар болсо) багыттары карама-каршы спиндер менен мүнөздөлүүчү магниттик деңгээлчелердин арасында ядронун кванттык өтүшүн пайда кылат. Төмөнкү e1 деңгээлден жогорку e2 деңгээлге өтүү фононду жутат, ал эми жогорку деңгээлден төмөнкүгө өтүү aны нурлантат. Термодинамикалык теңсалмактуулукта e2 энергиясы бар деңгээлдеги N2 ядролордун саны e1 деңгээлдеги N1 спиндердин санынан аз болгондуктан, акустикалык термелүүлөрдө жутулуу актылардын саны нурлантуу актыларынын санынан көп болот жана фонондордун резонанстык жутулушу - АЯМР жүрүп өзүнүн мүнөздүү тууралык өлчөмү, формасы бар резонанс-тык сызык байкалат. АЯМР-н колдонуу я.м.р-тын мүмкүндүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет жана алар менен катуу заттардын түзүлүшү жөнүндө маалымат алууга болот. Скин-эффекттин натыйжасында я.м.р. колдонулбаган учурларда АЯМР металл-дарды жана аз каршылыктуу жарым өткөр-гүчтөрдү (мис., In Sb) изилдөөдө кеңири колдонулат. АЯМР - ядролук спин-фонондук өз ара аракеттешүүнү изилдөөчү ыкма. АЯМР катуу нерселердеги сызыктуу эмес фонон-фонондук өз ара аракеттешүүнү каттоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү