Акустикалык өлчөөүн жана чуу чоңдуктарын мүнөздөө. Ага үндүн күчү, басымы, катуулугу, тембри, термелүү ылдамдыгы, термелүү жыштыгы жана мезгили, басаңдоо коэффициенти жана ургаалдуулугу, ошондой эле архитектуралык акустикадагы, байланыштагы жана башкалардагы үн өткөргүчтөрдү мүнөздөөчү өлчөөлөр кирет. Үн күчү - үн толкунунун багытына перпендикуляр болгон аянт бирдиги (1 м2) аркылуу өткөн энергиянын санына барабар. Термелүү (толкундун) энергиясы жыштыкка жана термелүү амплитудасына көз каранды, башкача айтканда термелүү жыштыгы жана амплитудасы канчалык чоң болсо, үн күчү да ошончолук чоң болот. Акустикалык өлчөө үчүн негизинен электрондук аппараттар, мисалы, абада үн басымын ченөөдө микрофон, суюктукта (сууда) гидрофон, чууда чуу өлчөгүч колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1