Акцептик-рамбурс кредиттери

Акцептик-рамбурс кредиттери - белгилүү бир өлкөнүн банктарынын тапшыруусу боюнча экинчи бир өлкөнүн банктарынын тарабынан берилүүчү тратта акцепт формасындагы кредит.

Мындай кредиттердин берилиши ошол өлкөнүн банкы башка бир өлкөнүн импортчусун кредиттөө жөндөмдүүлүгүн билбей туруп ошол өлкөнүн банктык төлөө кепилдиги менен экспортчунун траттасын акцепттөөгө макул болгондугуна тыгыз байланыштуу келет.

Бул үчүн траттанын мөөнөтү келгенге чейин ал өзүнүн банкына акча салууга тийиш. Ал эми банк болсо аларды акцептант-банкка көрсөтүлгөн мөөнөттө акцепттелген тратталар боюнча төлөө үчүн которот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9