Акционердик коом (АК) — өз ишмердигин пайда табуу максатында ишке ашырган, акцияларды чыгаруу жана жайгаштыруу менен каражат тартуучу юридикалык жак. Акционердик коомдун катышуучулары (акционердин) коомдун милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт жана өздөрүнө таандык акциялардын наркынын чегинде анын иши менен байланышкан чыгымдарды тартууга тобокелдик кылышат[1]. Акционердик коом акцияларды чыгарууга милдеттүү, салым кийирүүнүн түрүнө карабастан анын наркы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында көрсөтүлөт[2].

Ачык жана жабык акционердик коомдор

түзөтүү
  • Коом ачык же жабык болушу мүмкүн, бул анын уставында жана фирмалык аталышында чагылдырылат.
  • Ачык коом өзү чыгарган акцияларды ачык жайгаштырууга жана мыйзам чегинде аларды эркин сатууга укуктуу. Акциялардын эркин сатылышын чектеген жоболордун уставда каралышы мүмкүн эмес. Ачык коомдордун акционерлеринин саны чектелбейт.
  • Жабык акционердик коом ачык коом болуп кайра түзүлгөндө жабык коомдо колдонулуучу чектөөнүн жобосу ачык акционердик коомдо жараксыз болот.
  • Жабык коом өзү чыгарган акцияларды ачык жайгаштырууга, дагы башка жол менен аларды сатып алууну адамдардын чексиз чөйрөсүнө сунуш кылууга укуксуз. Жабык коомдун акционерлеринин саны элүүдөн ашпоого тийиш.

Эгерде жабык коомдун акционерлеринин саны ушул пунктта белгиленген чектен ашып кеткен учурда, аталган коом бир жылдын ичинде ачык коомго кайра түзүлүүгө тийиш. Эгерде анын акционерлеринин саны азайбаса, анда коом сот тартибинде жоюлууга тийиш.

  • Жабык акционердик коомдун акционерлери ошол эле коомдун башка акционерлери саткан акцияларды сатып алууда артыкчылык укугуна ээ.

Дагы караңыз

түзөтүү

Булактар

түзөтүү
  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
  2. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы