Малик Акчабаев

Акчабаев Малик‎»‎ барагынан багытталды)

Акчабаев Малик - (1932, Ош облусу, Хиля кыштагы - 2001) - пахтачы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1979), Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978). Эмгек жолун 1950-ж. Ленин районундагы Калинин атындагы колхоздо колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1965-жылдан пахтачылык бригаданын бригадири. Анын жетекчилигинде бригада 1979-ж. пахтадан ар бир га жерден 53,5 цден түшүм алган. 1975-80-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.